Бельгияда жумушчулар иш таштоого чыгышты

Иш таштоого чыккан жүздөгөн жумушчу Брюсселде Бельгия  иш берүүчүлөр федерациясынын алдында чогулушту.

1816589
Бельгияда жумушчулар  иш таштоого чыгышты

Бельгияда  жумушчулары азык-түлүк жана энергиянын кымбатташына байланыштуу айлык акыны жогорулатууну талап кылып, бир күндүк иш таштоого чыгышты.

Иш таштоого чыккан жүздөгөн жумушчу Брюсселде Бельгия  иш берүүчүлөр федерациясынын алдында чогулушту.

Митингге чыккандар «Айлык акыларын көбөйтүү», «Газ, электр жана дивиденддер көбөйдү, ал эми эмгек акы көбөйгөн жок», «Байлыкты калыс бөлүшүү керек» деп жазылган плакаттар менен жүрүштү.  

Митингге чыккандар акыркы жылдарда алуу күчүнүн азайгандыгына көңүлдөрдү буруп, айлык акыларынын дароо жогорулатылышын талап кылышты.

Бельгияда март айында инфляция 8, 31 менен 1983 -  жылдан берки өлчөлгөн эң жогорку деңгээлге жетти.



Тектеш кабарлар