Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариуполь шаарынын алынгандыгын билдирди

Путинге Мариуполдогу акыркы абал боюнча маалымат берген Шойгу орус күчтөрү шаарды көзөмөлгө алгандыгын айтты.

1815800
Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариуполь шаарынын алынгандыгын билдирди

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариуполь шаарын басып алганын билдирди.

Орус маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Мариуполдун алынганын билдирди.

Путинге Мариуполдогу акыркы абал боюнча маалымат берген Шойгу орус күчтөрү шаарды көзөмөлгө алгандыгын айтты.

1478 аскердин багынганын  белгилеген Шойгу Мариуполдогу «Азовсталь» заводунда дагы 2 миңден ашуун украиналык аскердин бар экенин билдирди.

Шойгу Путинге Мариуполдон 142 миңден ашуун жарандын эвакуацияланганын, «Азовсталь» заводу коопсуз курчоого алынганын, шаарда абалдын тынч экенин айтты.

Путин Шойгуну Мариуполдогу ийгиликтүү операциясынан улам  куттуктады.

Владимир Путин : «Мариуполду алуу бир ийгилик.  Азовсталдан кетип жаткан украиналыктардын коопсуздугу камсыздалат»,- деди.

Мындан тышкары Путин Мариуполдогу “Азовсталь” заводуна тинтүүгө жол бербөөнү жана куралын таштаган украин аскерлерине жакшы мамиле кылууну талап кылды.

Путиндин  объекттерди басып алууну эмес, блокадага алууну  буйрук кылганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар