Россиянын Борбордук багкынын төрайымы : "Дефолт коркунучу жок"

Набиуллина борбор шаар Москвада Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думада сүйлөгөн сөзүндө Орусия экономикасын санкциялардын негизинде кайра куруу процессинин убакытты талап кыла турганын айтты.

1815941
Россиянын Борбордук багкынын төрайымы : "Дефолт коркунучу жок"

Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина  өлкөсү үчүн дефолт коркунучу жок экенин билдирип : «Орусияда ресурстар, бардык керектүү финансылык ресурстары бар, эч кандай дефолт бизге коркунуч келтирбейт», - деди.

Набиуллина борбор шаар Москвада Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думада сүйлөгөн сөзүндө Орусия экономикасын санкциялардын негизинде кайра куруу процессинин убакытты талап кыла турганын айтты.

Сөз болуп жаткан «кайрадан куруу» процессинде өлкөдөгү өндүрүүчүлөрдүн кыйынчылыктарга дуушар болорун белгилеген Набиуллина : «Негизинен ата мекендик өндүрүш кылган фирмалар да кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн»,-деди.

Санкциялардан улам Орусия үчүн дефолт коркунучу жок экендигин айткан Набиуллина: «Орусияда ресурстар бар, керектүү бардык каржы булактары бар, эч кандай дефолт бизди коркутпайт»,-деди.

Орусиянын санариптик рубль аракетинде  келерки жылы эл аралык төлөмдөргө өтөрүнө көңүл бурган Набиуллина : «Санариптик рублдин прототибин ылдам түрдө түздүк, азыр аны банктар менен сынап жатабыз. Келерки жылы  санариптик рублдер менен реалдуу экономикада пилоттук төлөмдөрдү акырындык менен жүргүзөбүз. Санариптик рубль бул төлөмдөрдү арзандатат»,- деп айтты.

Набиуллина Орусиянын Борбордук банкы да алдыдагы жыйындарында пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин карай тургандыгын сөздөрүнө кошумчалады.



Тектеш кабарлар