Гутерриштин Путин жана Зеленский менен жолугушуу талабы
БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик маалымат берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийден жолугушуу өткөрүүнү талап кылды.
БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат брифингинде, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриштин Орусия жана Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнө кат жөнөткөнүн билдирди.
Дюжаррик Гутерриштин катында Украинадагы тынчтык үчүн шашылыш кадамдарды талкуулоо максатында Путинден Москвада, Зеленскийден болсо Киевде жолугушуу өткөрүүнү талап кылганын айтты.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.