Польшада көмүр шахтасында жарылуу болду
Жарылууда 3 шахтер каза болуп, 12 шахтер жараланды.
1815247
Польшанын Пниовек шаарындагы көмүр шахтасында метан газынын күйүшүнүн натыйжасында болгон жарылууда 3 шахтер каза болуп, 12 шахтер жараланды.
Тоо-кен компаниясында иштеген Славомир Старзынский жарылуунун түн жарымында жердин миң метр астында метан газынын күйүшүнүн натыйжасында болгонун айтты.
Метан газынын жарылуусунан кийин пайда болгон чаң булутунан улам издөө-куткаруу иштеринин үзгүлтүккө учурашы менен издөө куткару тобунан 7 киши менен менен байланыштын үзүлгөнү белгиленди.
Окуя учурунда 42 адам иштеген шахтада жабыркаган 12 адамдын денеси катуу күйүк алган.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкинин кырсык болгон жерге барары билдирилди.