Пакистанда өрт: 9 адам каза болду

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Даду районундагы айылдардын бириндеги үйдүн ашканасынан өрт чыкты.

1815126
Пакистанда өрт: 9 адам каза болду

Пакистандын Синд облусунда бир айылда чыккан өрттө 8и бала 9 киши каза болуп, 50 үй күлгө айланды.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, облустун Даду районундагы айылдардын бириндеги үйдүн ашканасынан өрт чыкты.

Алгачкы аныктамалар боюнча тездик менен жайылып кеткен өрттөн 9 адам каза болуп, 50 үй жараксыз абалга келди.

Айыл тургундары өрттүн кесепетинен 160 баш малдын өлгөнүн айтып, айыл чарба жерлери да жабыркаганын белгилешти.

Премьер-министр Шахбаз Шариф бул темада кеңири отчет даярдалышын талап кылып, айыл тургундарына жардам берилерин кабарлады.



Тектеш кабарлар