Мишель Киевге барды

Мишель күтүлбөгөн сапары тууралуу социалдык медиа баракчасынан маалымат берди.

1814991
Мишель Киевге барды

Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель 24-февралдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинанын борбору Киевге барды.

Мишель күтүлбөгөн сапары тууралуу социалдык медиа баракчасынан маалымат берди.

«Мен бүгүн Киевдемин» деген Мишель Киевди “эркин жана демократиялык Европанын жүрөгү” деп сыпаттады.

Мишель ошондой эле поезд станциясында украиналык жетекчилер тарабынан тосулуп алынган фотосүрөтүн да бөлүштү. Мишелдин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель да 8-апрелде Киевге барган.



Тектеш кабарлар