Зеленский Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү үчүн арыз аткетаны тапшырды

Украинанын Президенттик кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Зеленский Маасикас менен жолугушту.

1814093
Зеленский Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү үчүн арыз аткетаны тапшырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүккө талапкер статусун алуу үчүн Евробиримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Матти Маасикаска арыз анкетаны тапшырды.

Украинанын Президенттик кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Зеленский Маасикас менен жолугушту.

Билдирмеге караганда, Зеленский жолугушууда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен Киевге болгон иш сапарынын алкагында Евробиримдикке мүчөлүк анкетасын тапшырганын эске салып: «Бүгүн мамлекетибиздин ЕБге мүчө болуу жолундагы этаптарынын жана элибиздин алдыга умтулууларынын бири»,-деп баа берди.

Өлкөсүнүн Евробиримдикке карай жылышынын, европалык баалуулуктарга ээ болгон украиналыктардын көбүнүн өмүрү кыйылган абдан трагедиялуу мезгилде ишке ашып жатканын баса белгилеген Зеленский: «Бирок украин эли Европанын бир бөлүгү, Евробиримдиктин бир бөлүгү катары тең укуктуулукта сезүү максатында биригүүдө»,-деди.

Мунун маанилүү сигнал экенин баса белгилеген Зеленский: «Биз колдоо таап, талапкер мүчө болобуз деп ишенебиз. Андан соң кийинки, жыйынтыктоочу баскыч башталат. Бул процедура жакынкы апталарда ишке ашып, элибиздин тарыхы үчүн оң болоруна терең ишенебиз»,-деди.

Зеленский ошондой эле Урсула фон дер Ляйенге, Еврокеңештин төрагасы Чарльз Мишелге, Жозеп Боррелге жана Матти Маасикаска анкетанын берилишиндеги ыкчам иштери үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар