Россиянын Борбордук банкынын төрайымы : "Экономикабыз кыйын процесске кирип жатат"

Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина санкциялар негизинен каржы секторуна таасирин тийгизгенин айтты.

1813844
Россиянын Борбордук банкынын төрайымы : "Экономикабыз кыйын процесске кирип жатат"

Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина санкциялардын негизинен каржы секторуна таасирин тийгизгенин айтты.

«Экономикабыз санкциялардан улам катаал структуралык трансформация процессинен өтүп жатат. Санкциялар эми экономиканын реалдуу секторлоруна көбүрөөк таасирин тийгизе баштайт»,-деди.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы Думада сөз сүйлөгөн Набиуллина санкциялардан улам Россиянын эл аралык резервинин жарымына жетише алганын айтты.

Аталган резервдердин санкция коркунучу жок алтын, юань жана башка активдерден турганына көңүл бурган Набиуллина : «Бирок бул резервдер ички валюта рыногун башкарууга мүмкүндүк бербейт»,- деди.

Санкциялардан кийин базарга каршы кескин чараларды көргөндөрүн эске салган Эльвира Набиуллина : «Азыр бул чаралардын айрымдарын кылдаттык менен жоюдабыз. Экспортерлордун валюта сатуу шарттарын бир аз ийкемдүү кылууну пландап жатабыз»,- деди.

Набиуллина санкциялардын орус экономикасында жаңы процессти баштаткандыгын баса белгилеп : «Биздин экономика санкциялардан улам катаал структуралык трансформация процессинен өтүп жатат. Биринчи кезекте каржы секторубузга таасирин тийгизген санкциялар эми экономиканын реалдуу секторлоруна көбүрөөк таасир тийгизе баштайт»,- деп айтты.

Орус экономикасындагы негизги көйгөйдүн каржы секторуна каршы санкциялар эмес экенин белгилеген Россиянын Борбордук банкынын төрайымы негизги көйгөйлөрдүн импорт, тышкы соода логистикасы жана орус  товарларына карата колдонулушу мүмкүн болгон экспорттук чектөөлөр экенине көңүл бурду.

       

 

 



Тектеш кабарлар