Нотр-Дам соборундагы сырдуу саркофаг ачылат

Француз археологдору Нотр-Дам соборунун реставрация иштери учурунда табылган коргошун саркофагынын "сырларын ачуу" үчүн ачыла турганын билдиришти.

1813695
Нотр-Дам соборундагы сырдуу саркофаг ачылат

Франциянын борбор шаары Париждеги Нотр-Дам соборунда 14-кылымга таандык деп эсептелген саркофагдын ачыла турганы жарыяланды.

Француз археологдору, 2019-жылы өрттөн жабыркаган Нотр-Дам соборунун реставрация иштери учурунда табылган коргошун саркофагынын "сырларын ачуу" үчүн ачыла турганын билдиришти.

Учурда коопсуз жерде турган көрүстөн, жакын арада Тулуза шаарындагы соттук-медициналык экспертиза институтуна жөнөтүлөт.

Буга чейин эндоскопиялык камера менен саркофагдын ичин караган илимпоздор эми саркофагдын ээсинин жынысын, ошол кездеги ден соолугун жана социалдык абалын аныктоого аракет кылышат. Изилдөөдө көмүртектөө технологиясы да колдонулат.

Көрүстөндүн жери жана формасы бул адамдын ошол кездеги көрүнүктүү инсандардын арасында болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.



Тектеш кабарлар