Россия : "Крейсерде ок - дарылар жарылды"

Россия "Москва" крейсериндеги өрттүн кесепетинен ок - дарылардын жарылып, олуттуу зыянга учураганын билдирди.

1812150
Россия : "Крейсерде ок  - дарылар жарылды"

Россия "Москва" крейсериндеги өрттүн кесепетинен ок - дарылардын жарылып, олуттуу зыянга учураганын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын «Нептун» ракетасы менен атылгандыгын жарыялаган Россиянын Кара деңиз флотуна таандык «Москва» крейсеринин абалы тууралуу маалымат берди. Маалыматта : «Москва крейсери чыккан өрттүн натыйжасында ок  - дарылардын жарылышы менен оор чыгымга учурады»,- деп айтылды.

Маалыматта кемедеги экипаждын эвакуацияланып, өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жаткандыгы билдирилди.

Украина бийлиги Кара деңизде Россиянын "Москва" крейсерин «Нептун» ракетасы менен аткандарын жана кемеде өрт чыкканын жарыялады. Крейсердин болжолдуу экипаж саны 510 экени белгиленди.

Украинанын массалык маалымат каражаттары Россия  - Украина согушунун алгачкы күндөрүндө Жылан аралындагы Украина аскерлерине кол салган «Москва» крейсеринин 2014 -  жылы Крымдын мыйзам тышы аннекцияланышы учурунда да Украина кемелеринин жээктен чыгышына тоскоол болгондугун маалымдаган.

"Москва" крейсери 700 чакырым аралыкка жетүүчү 16 кемеге каршы ракета жана С-300 абадан коргонуу ракета системасы менен жабдылган кеме катары белгилүү.

2015 - жылы кеме Россиянын деңиз флотунун Жер Ортолук деңизиндеги туруктуу ыкчам тобун жетектеп, Сириядагы орусиялык Хмеймим аскердик авиа базасын коргоо үчүн кызмат кылган.



Тектеш кабарлар