Литва Орусиянын Балтика аймагында өзөктүк куралы бар экенин билдирди

Министр Анусаускас, Орусиянын Балтика аймагына өзөктүк курал жөнөтүшү мүмкүн деген билдирүүсүнө сереп салды.

1812356
Литва Орусиянын Балтика аймагында өзөктүк куралы бар экенин билдирди

Литванын коргоо министри Арвидас Анусаускас, Орусиянын Балтика аймагында өзөктүк куралдын запасы бар экенин билдирди.

Эстониянын BNS маалымат агенттигине маек куруп берген министр Анусаускас, Орусиянын Балтика аймагына өзөктүк курал жөнөтүшү мүмкүн деген билдирүүсүнө сереп салды.

Анусаускас сөз кылынган айыптоолордун таң калыштуу экенин белгилеп, Литванын түштүк чек арасына 100 километр алыстыкта ​​Балтика деңизине жээктеш Орусиянын Калининград аймагында өзөктүк куралдын бар экенин айтты. 

Орусия менен кургактык байланышы жок Калининград, Литва менен Польшанын ортосундагы 15 миң чарчы километр аянтты ээлейт.

Орусиянын мурдагы премьер-министри жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев кечээги билдирүүсүндө, эгер Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө болуу үчүн арыз беришсе Орусия Балтика деңизиндеги аскерий катышуусун күчөтүп, аймакка өзөктүк куралын жөнөтүшү мүмкүн деп маалымдаган эле. 



Тектеш кабарлар