ЕБ Нигериядан көбүрөөк жаратылыш газын алууну көздөйт

Нигериянын Улуттук мунай корпорациясынын (NNPC) башкы директору Малам Меле Кяри борбор шаар Абуджада Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту.

1811273
ЕБ Нигериядан көбүрөөк жаратылыш газын алууну көздөйт

Орусияга болгон көз карандылыгын азайтууну каалаган Европа Биримдиги (ЕБ), Нигериядан көбүрөөк жаратылыш газын алууну көздөгөнүн билдирди.

Нигериянын Улуттук мунай корпорациясынын (NNPC) башкы директору Малам Меле Кяри борбор шаар Абуджада Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту.

ЕБ Нигерия өкүлү Самуэла Исопи жыйналыштагы билдирүүсүндө, ЕБнин Нигериядан жаратылыш газын алууну каалап жатканына көңүл буруп: "Биз Нигерия үчүн гана негизги кардарлар эмес, ошондой эле мунай жана газ тармагындагы негизги өнөктөштөрбүз, анткени сиз менен иштешкен кээ бир компаниялар Европадан. Ошондуктан биз бирдей кызыкчылыктарды жана бирдей максаттарды бөлүшөбүз",- деди.

NNPC Башкаруучу директору Малам Кяри да Нигериянын дүйнөлүк рынокко жаратылыш газын берүүнү көбөйтүүгө кызыкдар экенин айтты.

Африка континентинин мунайга жана газга бай өлкөсү Нигерия Европанын суюлтулган жаратылыш газы боюнча төртүнчү камсыздоочусу.

Учурда Нигериянын жаратылыш газынын кеминде 40 пайызы Европага экспорттолот.



Тектеш кабарлар