Зеленский Лайен жана Борелл менен жолугушкандан кийин видео билдирүү жарыялады

Владимир Зеленский Россия-Украина согушунун бир гана Украинаны эле эмес, Европа Биримдигин бириктиргендигин белгиледи.

1809670
Зеленский Лайен жана Борелл менен жолугушкандан кийин видео билдирүү жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия-Украина согушунун бир гана Украинаны эле эмес, Европа Биримдигин бириктиргендигин белгиледи.

Зеленский Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен жана Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеп Борелл менен Киевде жолугушкандан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Украина менен Европа Биримдигинин ортосундагы диалог чөйрөсүнүн маанилүү экенин белгилеген Зеленский : «Согуш толугу менен Украинаны бириктирди, элди өкмөт менен бириктирди жана ошондуктан Украина ушунчалык күчтүү. Тилекке каршы бул согушта көптөгөн курмандыктар болду. Мунун айланасында Украинанын жана украиналыктарды коргоо үчүн бул согуш Европа Биримдигин жана дүйнөнү бириктирди»,- деди.

Зеленский Украинага жана Бучага жасаган сапарынан улам европалык жетекчилерге ыраазычылык билдирип, бул сапардын Украина жана Европа Биримдигинин биримдүүлүгүнүн күчтүүлүгүнүн белгиси экендигин баса белгиледи.

Зеленский Россияга каршы 5 - санкция пакетин кабыл алуу чечими үчүн Европа Комиссиясына ыракмат айтып  : «Урсула фон дер Лайенге 5 - санкция пакети үчүн жеке ыраазычылыгымды билдирем бирок мунун жетпей тургандыгын ойлоп жатам. Орустар бизден көп нерсени алышты. Бизден жерибизди жана адамдарыбызды алышты»,- деди.

Европа Биримдигинин Россияга каршы санкцияларды салуу менен өздөрүнө жардам бериши жана бул санкцияларды күчөтүүлөрү керектигин баса белгилеген Зеленский башка жол менен Россиянын эч кимди угууну каалабагандыгын сөздөрүнө кошту.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен да : "Бүгүнкү билдирүүм ачык. Талабыңарды ачык түрдө уктук. Бүгүн силерге биринчи оң жоопту берүү үчүн бул жердебиз",- деди. 

Зеленскийге бир конверт берген Лайен кызматташуунун келерки айларда Европа Биримдиги менен мүйөлүк үчүн өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдүн темасын камтыгандыгын айтып : "Европа Биримдигине кеткен жолду ушул жерден баштайп жатабыз. Бул жалпы негизде иштөө үчүн 7 күн 24 саат кызматыңыздарда болобуз",- деди. 

Төрайым Лайен Россияга карата экспорттун дээрлик 71  пайызга түшкөндүгүн, өлкөдө инфляциянын 20 пайызга жакын экендигин,  700дөн ашуун менчик фирманын өлкөдөн чыгып кеткендигин, Европа Биимдигине мүчө өлкөлөрдүн 225 миллиард евролук орус активдеринин тоңдурулгандыгын белгиледи. 

Лайен Европа Биримдиги тарабынан Украинага 500 миллон евро кошумча жардам сунуш кылынарын айтты. 

Жарыялаган видео билдирүүсүндө кечээ  кабыл алынган 5 - Европа Биримдиги санкция пакетине баа берген Зеленский Европанын Россияга каршы «принциптүү жана күчтүү» санкцияларды салууга мажбур болорун айтып : «Санкция сунуштарын жумшатууга аракет кылгандын ким экендигин билебиз жана акырында Европадагылардын түшүнүшү үчүн бардык нерсени аткарабыз. Россиянын энергетика экспортуна жарым – жартылай чектөө киргизүү же орус деңиз навигациясына жарым- жартылай эмес, чындыгында принциптүү жана күчтүү санкциялар салынышы керек»,- деди.

«Дүйнөнүн бардык алдыңкы өлкөлөрү Россиянын Краматорскко карата ракеталык кол салуусун айыптады. Бул согуштук кылмышка катуу жана глобалдык жооп күтүп жатабыз»,- деген Зеленский бул ракеталык кол салуунун башка бир топ «орус согуштук кылмышы» сыяктуу эл аралык соттогу айыптоолордун бири болушу керектигин да сөздөрүнө кошту.

 



Тектеш кабарлар