Кытай Пелоси Тайванга бара турган болсо кескин чараларды көрөт

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен Пелосинин 10 - апрелде Тайванга бара турганы тууралуу кабарга баа берди.

1808831
Кытай Пелоси Тайванга бара турган болсо кескин чараларды көрөт

Кытай Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр парламентинин спикери Нэнси Пелоси Тайванга бара турган болсо кескин чараларды көрөрүн эскертти.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен Пелосинин 10 - апрелде Тайванга бара турганы тууралуу кабарга баа берди.

Као сапардын Кытай-АКШ карым-катнаштарына олуттуу таасир тийгизээрине көңүл буруп, Пелоси Тайванга бара турган болсо кескин чараларды көрө тургандарын айтты.

Пекин администрациясынын АКШ менен Тайвандын ортосундагы ар кандай расмий карым - катнаштарга чечкиндүү түрдө каршы экенин баса белгилеген Као, АКШ тарап бул сапарды токтотушу керектигин белгиледи.

Као бул  сапардан жарала турган терс жагдайлардан АКШнын жооптуу экенин кошумчалады.

10 -  апрелде АКШнын Тайванга аскердик жардамдардын берилишин күткөн Тайвань менен карым  - катнаштар мыйзамына кабыл алынышынын 43 жыл болот.

Пекин администрациясы «Бир Кытай» принцибин кабыл алып, Тайванды  өз аймагынын бир бөлүгү деп ырастоодо. Кытай кысыктын ичинде жана анын айланасында аскерлердин болушунан тышкары, Тайвандын дүйнө өлкөлөрү менен көз карандысыз дипломатиялык мамиле түзүшүнө, Бириккен Улуттар Уюмунда жана башка эл аралык уюмдарда өкүлчүлүгүнө каршы.



Тектеш кабарлар