Европа Борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагарддын Коыид - 19 тести оң чыкты
Лагард абалынын Европа Борбордук банкынын иштерине таасир этпей турганын баса белгиледи.
1809003
Европа Борбордук банкынын (ECB) төрайымы Кристин Лагард жаңы типтеги коронавирус тестинин оң чыккандыгын жарыялады.
Лагард өзүнүн социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө бүгүн жасаткан тестинин оң чыккандыгын айтты.
Ковид-19га каршы толук эмдөөдөн өткөнүн белгилеген Лагард оорусунун белгилери жеңил экенин жана айыгып кеткенге чейин Германиянын Франкфурт шаарындагы үйүндө ишин уланта турганын белгиледи.
Лагард ошондой эле абалынын Европа Борбордук банкынын иштерине таасир этпей турганын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.