Польша АКШдан танк сатып алат

Министр Блащак АКШнын Варшавадагы элчиси Марк Бжезински менен келишимге кол койду.

1807800
Польша АКШдан танк сатып алат

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак америкалык 250 даана M1A2 Abrams танкасын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.

Министр Блащак АКШнын Варшавадагы элчиси Марк Бжезински менен келишимге кол койду.

АКШлык 250 даана M1A2 Abrams танкын сатып алуу үчүн өткөрүлгөн кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Блащак: «Польша менен АКШнын кызматташтыгынын тарыхында өтө маанилүү күн», - деди.

Бул келишимдин Польша армиясын күчтөндүрө турганына көңүл бурган Блащак : «Чыгыш чек арабыздын тышында эмне болуп жатканын баарыбыз билебиз. Поляк армиясын күчтөндүрүү душмандын ыктымал чабуулдарын токтотот»,-деди. 



Тектеш кабарлар