Кулеба Италиянын гезитине маалымат берди

Италиянын Corriere della Sera гезитине маалымат берген Кулеба өлкөсүндөгү согушка байланыштуу акыркы абалга баа берди.

1806399
Кулеба Италиянын гезитине маалымат берди

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба согуштун эң жаманын баштан өткөрбөгөндөрүн, азыр баш калаа Киевде болгон салгылашта жеңишке жеткендерин, бирок түштүк менен Донбасста чыныгы согуш башталаарын билдирди.

Италиянын Corriere della Sera гезитине маалымат берген Кулеба өлкөсүндөгү согушка байланыштуу акыркы абалга баа берди.

Тынчтык жараянынын баскычы кандай? деген суроого жооп берген украин министри:«Биз ар дайым бири-бирибиз менен сүйлөшүүдөбүз, бирок негизги маселелердин баары чечиле элек. Бир жагынан орус армиясы жерде чабуулун улантып, шаарларыбызга ракета менен чабуул жасап, адамзатка каршы кылмыштарды кылууда. Биз сүйлөшүүлөрдө кичинекей жетишкендиктерге жеткенде,  алардын согуштук агрессиясы ого бетер кандуу жана кыйратуучу болуп жатат»,-деп жооп берди.

Кулеба орустар менен карым-катнашта болушу керектигин жана аларга дагы кол салбай турганына ишенүү керектигин, бирок аларга ишенбей турганын баса белгиледи.

Кулеба, талаадагы согуштук абал жөнүндө: «Биз согуштун дал ортосунда турабыз, бирок эң жаманы али алдыда. Украина Киевдеги салгылашта жеңишке жетти, бирок Донбасста жана түштүктө согуш башталуу алдында турат. Мариуполдогу кыйроолор көрсөткөндөй, бул абдан коркунучтуу жана кыйратуучу болот. Биз даярбыз, биз артка чегинбейбиз жана сиздердин колдооңуздарды албайбыз деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

Димитро Кулеба Кытайдын позициясын кандай баалайсыз? деген суроого: «Кытай абайлап нейтралдуу бойдон калды. Бизде анын Орусияны колдогону тууралуу эч кандай далил жок. Алар үчүн эң негизги кызыкчылык - бул дүйнөлүк экономикага зыян келтирген бул согушту токтотуу жана биз муну тең бөлүшөбүз”,-деп жооп берди.

Италиянын коомчулугунун согушту кыска убакытта бүтүрүүгө жардам бериши керектигин билдирген Кулеба, Италиянын кепилдик системасына киришинин Римди тобокелге салбай турганын белгиледи.

Украин министри, католиктердин руханий лидери Рим папасы Францисктин Мальтага сапары учурунда «Киевге визит үстөлдүн үстүндө» деп айткан сапары тууралуу, «Биз бул сапарга 24-февралда согуш башталганга чейин даярданып жатканбыз. Эми ал дагы маанилүү болуп калды. Биздин Ватикандагы элчилигибиз муну ишке ашыруу үчүн иштеп жаткан, бирок дагы эле датасы же акыркы макулдугу жок»,-деп айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар