Рак илдети көбүнчө Азияда катталууда

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, залалдуу шишик деп да аталган рак илдети дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн экинчи таралган себеби болуп саналат.

1805010
Рак илдети көбүнчө Азияда катталууда

Дүйнө жүзү боюнча экинчи өлүм себеби болгон рак оорусунда Азия өлкөлөрү алдыңкы орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, залалдуу шишик деп да аталган рак илдети дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн экинчи таралган себеби болуп саналат.

2020-жылы дүйнөдө 19 миллион 292 миң 789 адам рак оорусуна кабылса, 9 миллион 958 миң 133 адам рактан улам каза болгон.

Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 400 000дей бала рак оорусуна чалдыгат.

Рактын эң кеңири таралган түрлөрү; эркектерде өпкө, простата, ичеги, ашказан жана боор, аялдарда көкүрөк, жоон ичеги, өпкө, жатын моюнчасы жана калкан бези.

Эл аралык Рак изилдөө агенттигинин (IARC) маалыматына караганда, 2020-жылы рак диагнозу коюлган 19 миллион 292 миң 789 кишинин 9 миллион 503 миң 710у катталган Азия өлкөлөрү алдыңкы орунда турат.

Рак диагнозу коюлгандардын 4 миллион 398 миң 443ү Европада, 2 миллион 556 миң 862си Түндүк Америкада, 1 миллион 470 миң 274ү Латын Америка жана Кариб деңизинде, 1 миллион 109 миң 209у Африкада жашайт.

Дүйнөдө калкка карата рак оорусу эң көп катталган өлкө 100 миң кишиге 468 учур менен Австралия, андан кийин 438 учур менен Жаңы Зеландия болду.

Бул өлкөлөрдөн кийин 100 миң кишиге 373 учур менен Ирландия, 368 учур менен Венгрия, 352 учур менен Америка Кошмо Штаттары жана 345 учур менен Бельгия турат.

Ракка байланыштуу өлүмдөрдүн 30-50 пайызын эрте аныктоо жана натыйжалуу дарылоо менен алдын алууга болот.



Тектеш кабарлар