Польша Евробиримдиктен качкындар үчүн 2,2 миллиард евро күтүүдө

Польшада 2,4 миллион украиналык качкын бар.

1805041
Польша Евробиримдиктен качкындар үчүн 2,2 миллиард евро күтүүдө

Польшанын ички иштер министринин орун басары Блажей Побозы, украиналык качкындардын жайгашуу жана кам көрүү чыгымдарын жабуу үчүн Европа Биримдигинен (ЕБ) 2,2 миллиард евро суралганын билдирди.

Побозы Польшанын TVP Info мамлекеттик телеканалына берген маалыматында, өлкөсүнүн украиндерге жардам берип жатканын жана Евробиримдиктин Польшага качкындарды каржылоо боюнча жардамды кечиктирбеши керектигин айтты.

Украиналыктарга өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларын колдонууга жардам берүү жана эмгек рыногуна кирүүсүн жеңилдетүү үчүн PESEL улуттук өздүк номурлары берилгенин маалымдаган Побозы, ушул учурга чейин 96 пайызы аялдар жана балдар болгон жарым миллионго жакын качкынга PESEL кызматы көрсөтүлгөнүн айтты.

Польшада 2,4 миллион украиналык качкын бар.



Тектеш кабарлар