АКШнын түштүгүндө бороон жана торнадо болду

Америка Кошмо Штаттарынын  түштүк штаттарында таасирдүү болгон бороон жана торнадодо көптөгөн адамдардын жарадар болгону билдирилди.

1804986
АКШнын түштүгүндө  бороон жана торнадо  болду

Америка Кошмо Штаттарынын  түштүк штаттарында таасирдүү болгон бороон жана торнадодо көптөгөн адамдардын жарадар болгону билдирилди.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда, мындан мурда Арканзас, Миссури жана Техас штаттарында болгон бороондон кийин Миссисипи жана Теннесси штаттарында торнадо кырсыгы болду.

Жетекчилер Арканзаста кеминде 7 кишинин жараланганын, эки кишинин абалы оор экенин, Миссисипи менен Теннессиде да жаралангандардын бар экенин билдиришти.

Көптөгөн үйлөр жана ишканалар бороондон жана торнадодон жабыркап, электр зымдары зыян тартып,  бак - дарактар ​​тамыры менен жулунду.

Арканзаста 8000ден ашык үй чарбасы, Миссисипиде 26000 жана Теннессиде 24000 үй электр үзгүлтүгүнө учурады.

АКШнын түштүгүндөгү 5 штатта өткөн жумада эки түндө 60тан ашык катуу бороон жана торнадо болду.

 



Тектеш кабарлар