Түштүк Корея алгачкы катуу отун менен иштеген космостук ракетасын сынады

Катуу отун менен иштеген ракеталардын башка ракеталарга караганда жөнөкөй түзүлүшкө ээ экендиги маалымдалды.

1804448
Түштүк Корея  алгачкы катуу отун менен иштеген космостук ракетасын сынады

Түштүк Корея катуу отун менен иштеген биринчи космосту ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады.

Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык, Коргоо министрлиги ракетанын борбор Сеулдун 150 километр түштүк - батышындагы Таен районундагы объектиден учурулганын билдирди.

Катуу отун менен иштеген ракеталардын башка ракеталарга караганда жөнөкөй түзүлүшкө ээ экендиги белгиленген маалыматта өндүрүү чыгымнын аз экени билдирилди. 

Маалыматта биринчи катуу отун менен иштеген космостук ракетанын ийгиликтүү сыналгандыгы, Түштүк Кореянын  жакында катуу отун менен иштеген космостук ракета менен орбитага чалгындоо спутнигин жибебери белгиленди. 

 


 



Тектеш кабарлар