Россиянын президенти Путинге берилген "Алтын ачкыч" алынды

Шаардык кеңештеги добуш берүүдө ашкере оңчул Vox партиясынан башка бардык саясий партиялар Путинге берилген алтын ачкычты кайтарып алууну жактырышты.

1804308
Россиянын президенти Путинге берилген "Алтын ачкыч" алынды

Испанянын борбор шаары Мадрид шаардык кеңеши Россиянын президенти Владимир Путинге 2006 - жылы берилген шаардын алтын ачкычын кайтарып алды.

Шаардык кеңештеги добуш берүүдө ашкере оңчул Vox партиясынан башка бардык саясий партиялар Путинге берилген алтын ачкычты кайтарып алууну жактырышты.

Vox партиясынын  катчысы Хавьер Ортега Смит алтын ачкычтын жеке Путинге эмес орус калкына берлигендигин жактап, орус, украин жана испан калкынын кандайдыр бир "тоталитардык  саясий кыймылдан коргонушу керектигине ишенгедиктен" сунушка каршы добуш беришкендерин айтты. 

Украина согушунан улам Россиянын президенти Путинди айптоодон тартынган ашыкча оңчул  Voxтун мамилеси солчул жана башка саясий партиялар тарабынан сынга кабылды. 

Бир тараптан Польша Россияга болгон  энергетикалык көз карандылыгын азайтуу үчүн бул өлкөдөн көмүр импортуна бөгөт коюу чечимин чыгарды. 

Польша өкмөтүнүн басма сөз катчысы Пиотр Мюллер Министрлер кеңешинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө, Россиядан көмүр импорттогон Польшанын бардык жеке менчик уюмдарына каржылык жаза колдонула турганын айтты.

Польшанын 27 өлкөдөн турган Европа Биримдигинин бул саясатты жактырышын күтпөгөндүгүн айткан Мюллер Россиядан импорттолгон көмүрдүн жарымынын үйлөрдү ысытуу үчүн жарымынын өнөр жай тармагында  колдонулгандыгын билдирди. 

Орус аскерлеринин 24 -  февралда Украинага кол сала башташынан кийин батыштык мамлекеттер Россияга санкция салуу чечимин чыгарууну улантышууда. 

 

 



Тектеш кабарлар