ЕБ: "Орусия рыноктордон изоляцияланышы керек"

Жозеп Боррель Бельгияда жайгашкан Европанын тышкы байланыштар кеңеши (ECFR) тарабынан уюштурулган «Геосаясий Европанын жаралышы» аттуу панелге катышты.

1804027
ЕБ: "Орусия рыноктордон изоляцияланышы керек"

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Орусиянын тез арада дүйнөлүк мунай жана жаратылыш газ рыногунан изоляцияланышы керектигин айтты.

Жозеп Боррель Бельгияда жайгашкан Европанын тышкы байланыштар кеңеши (ECFR) тарабынан уюштурулган «Геосаясий Европанын жаралышы» аттуу панелге катышты.

Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согушка каршы Орусиядан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүнү ЕБ үчүн эң чоң геосаясий кыйынчылык деп сыпаттаган Боррель, Европанын «жумшак күч» болуудан чыгып «катуу күч» болгон кыйынчылыктарга толгон мезгилди башынан өткөрүп жатканын айтып, энергетикалык көз карандысыздыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Крымдын (Орусия тарабынан) аннексияланышынан кийин (2014) бул маселенин алдыңкы планга чыкканын, бирок эч кандай жылыш болбогонун эске салган Боррель: «Биз жасай турган эң жакшы нерсе Орусияны мунай жана газ рыногунан изоляциялоо, муну тез арада ишке ашырышыбыз керек",- деди.



Тектеш кабарлар