Байден Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө баасын берди жана лидерлер менен да сүйлөшкөнүн айтты

Жо Байден Ак үйдө Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун менен жолугушкандан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

1804198
Байден Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө баасын берди жана лидерлер менен да сүйлөшкөнүн айтты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусия жана Украина делегацияларынын Түркийедеги сүйлөшүүлөрүн байкашкандарын жана Москванын мындан аркы кадамдарын уланта тургандарын билдирди.

Жо Байден Ак үйдө Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун менен жолугушкандан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

Жолугушууда журналисттин «(Украина тарап менен Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин) Орусия Киевдеги жана Украинанын түндүгүндөгү башка шаарлардагы аскерлерин азайтат" деген билдирүүсүнө кандай карайсыз? Согуштун аяктоо ыктымалдыгын көрүп жатасызбы? Аягына жакындап калдыбы? Же Орусиянын жаңы аскердик аракеттерин уюштуруу үчүн убакытты утууга аракет кылып жатат деп ойлойсузбу?» деген суроолорго Байден: «Биз (Орусиянын) аракеттерин көрмөйүнчө, мен эч нерсе айта албайм. Алар айтканын аткарабы, көрөбүз. Бүгүн Түркияда сүйлөшүүлөр болду. Мен НАТО боюнча өнөктөштөрүбүз Франция, Германия жана Англиянын лидерлери менен да сүйлөштүм. Ал жерде Орустардын сунушунун кандай экенин билүү боюнча макулдашуу бар»,-деп жооп берди.

Жо Байден Орусиянын кадамдарына көз салып, бул өлкөгө каршы санкцияларды жана Украинага коргонуу жардамын берүүнү уланта тургандарын баса белгиледи.

Бир тараптан Ак үй АКШнын президентинин Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Англиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.

Билдирүүдө, «Лидерлер Украинадагы ырайымсыз чабуулдары үчүн Орусияны бедел төлөтүүгө жана бул адилетсиз жана негизсиз кол салуудан коргонуу үчүн Украинага коопсуздук жагынан жардам берүүнү улантууга чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу ырасташты»,делди.



Тектеш кабарлар