Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн эмне күтүлүүдө ?

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын башчысы билдирүү жасады.

1803682
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн эмне күтүлүүдө ?

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын (IFRC) башчысы Франческо Рокка, Стамбулда Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларынын жыйынынан «ок атышпоо жана тынчтык келишимин» үмүт кылгандарын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйында Рокка, Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын ачылыш сөзүнөн кийин башталган сүйлөшүүлөрдөн кабардар экендиктерин айтты.

Орусия жана Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларына билдирүү жөнөткөн Рокко, Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн «диалог, ок атышпоо жана чукул тынчтык келишимин» күткөнүн баса белгиледи.

Рокка бүткүл дүйнө сыяктуу эле өзү да кагылышуулардан жапа чеккен жарандардын азап-кайгысын токтотуу үчүн Украинада чечим күткөнүн белгиледи.

Украинадагы кагылышуулардан жабыр тартпаган эч бир аймактын жок экенин баса белгилеген Рокка, калктын үчтөн бирине туура келген болжолдуу 18 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж болорун эскертти.

Рокка өлкөдө 10 миллион жарандын жер которгондугун, алардын 6,5 миллиону дагы эле Украинанын ичинде экенин эске салды.

Украинадагы шаарлар арасында эң оор абалдын Мариуполь экенин жана шаарга кирүүгө жол жок экенин түшүндүргөн Рокка, шаардагы адамдардын электр энергиясы, суусу, тамак-ашы жана негизги керектөөлөрү камсыздалбаган шарттарда жашап жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар