Япония Россияга кымбат баалуу унааларды экспорттоого тыюу салды

Тыюу салуу 5 -  апрелден тарта күчүнө кирет.

1803691
Япония Россияга  кымбат баалуу  унааларды экспорттоого тыюу салды

Япония Украинага 24 -  февралда согуш ачуусунан улам Россияга карата кымбат баалуу унааларды экспорттоого тыюу салды.

Япониянын премьер - министри Кишида Фумионун кабинети Россияга каршы экономикалык санкцияларды кеңейтти.

Жаңыланган санкция мыйзамынын алкагында кымбат баалуу унаалар, зер буюмдар жана көркөм өнөр чыгармалары сыяктуу кымбат баалуу буюмдарды Россияга экспорттоого тыюу салынды.

Тыюу салуу 5 -  апрелден тарта күчүнө кирет.

Экономика, соода жана өнөр жай министри Хагиуда Коичи : «Катаал санкцияларды киргизүү үчүн Чоң жетилик өлкөлөрү менен тилектештигибизди улантабыз»,-деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар