Гутерриш ок атышууну токтотууга чакырды
Гутерриш БУУнун башкы кеңсесинде журналисттерге маалымат берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, Орусиянын бир ай мурда Украинага каршы баштаган согушунан кийин “гуманитардык ок атышпоо” чакырыгын салды.
Гутерриш БУУнун башкы кеңсесинде журналисттерге, согуштун миңдеген адамдардын өмүрүн алганын, 10 миллион адамдын жер которгондугун, инфраструктураларды системалуу түрдө талкалаганын, дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк жана энергия бааларынын жогорулашына себеп болгонун айтты.
Гутерриш бул гуманитардык трагедияны гуманитардык жардамдар менен чечүүнүн мүмкүн эмес экенине көңүл буруп: «Олуттуу саясий сүйлөшүүлөрдө прогресске жетишүү үчүн ок атышууну дароо токтотууга чакырам»,-деди.
Гутерриш БУУнун Орусия жана Украина менен гуманитардык ок атышпоого жетишүүнүн жолдорун издегенин белгилеп, кагылышуулардын токтошунун негизги гуманитардык жардамдардын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзөрүн жана гуманитардык ок атышпоонун көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала турганын айтты.
Башкы катчы өзөктүк, биологиялык жана химиялык согуш ыктымалын болсо элестеткиси да келбей турганын кошумчалады.