АКШ менен Филиппиндер катышкан "Баликатан" машыгуусу башталды

Машыгуу Лузон аралында өтүп жатат.

1802934
АКШ менен Филиппиндер катышкан "Баликатан" машыгуусу башталды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Филиппиндер катышкан "Баликатан" машыгуусу башталды.

Филиппиндин Лузон аралындагы машыгууга АКШдан 5 миң 100, Филиппинден 3 миң 800 аскер кызматкери катышып жатканы белгиленди.

Америкалык аскер офицери Жей Баржерон билдирүүсүндө: «Филиппиндер менен союздаштыгыбыз Индо-Тынч океан аймагындагы маанилүү күч жана стабилдүүлүктүн булагы болууда»,-деп айтты.

Филиппин армиясынын басма сөз катчысы полковник Рамон Загала да, машыгуунун өз ара коргонуу максатында өтүп жатканын билдирди.

Деңиз коопсуздугу, амфибия операциялары, түз аткылоо, аскердик операциялар, авиация, апаат жардамы сыяктуу темаларга багыттала турган машыгуунун эки өлкөнүн союздаштыгын бекемдегени маалымдалды.

Акыркы жылдардын эң чоң аскердик машыгууларынын бири болгон Баликатан машыгуусунун 8-апрелге чейин улана турганы кабарланды.



Тектеш кабарлар