Россия Харьковдо гуманитардык жардам берилген аянтка кол салды

Россиянын Украинага кол салуулары 30 -  күнүндө да улантылууда.

1802087
Россия Харьковдо гуманитардык  жардам берилген аянтка кол салды

Россиянын Украинанын Харьков шаарында жарандарга гуманитардык жардам берилген аянтка жасаган кол салуусунда 6 киши каза болуп, 15 киши да жаракат алды.

Россиянын Украинага кол салуулары 30 -  күнүндө да улантылууда.

Харьков губернатору Олег Синегубов Россия тарабынан жасалган кол салууларда көп сандаган жарандык отурукташуу аянтынын зыян тарткандыгын белгиледи. Синегубов : «Харьковдо орустар гуманитардык жардам күткөн жарандарды алыс аралыкка атуучу ракеталар менен бутага алды. Алгачкы аныктамаларга караганда 6 киши каза болуп, 15 киши оор жараланып ооруканага жеткирилди»,-деди.

Харьков полициясы билдирүүсүндө : «Орус баскынчылары Харьковдо карапайым калкты өлтүрүүнү улантууда. Эртең менен жарандык инфраструктура объектилери бир нече ракета аткыч системалары менен бомбаланды»,- деп маалымдалды. Россия бутага алган жердин жанында аскердик инфраструктура объектилеринин жок экени айтылды.

Бир тараптан орус бөлүктөрүнүн Украинанын Мариуполь шаарындагы театр имаратына кол салуусунда каза болгондордун саны 300гө жеткендиги билдирилди.

Россиянын Украинага кол салуусу улантылып, Украинада курман болгон жарандардын саны да көбөйүүдө.

16 -  мартта орус бөлүктөрүнүн  Украинанын Мариуполь шаарындагы театр имаратына кол салуусунан кийин каза болгондор тууралуу жаңы маалыматтар келди. Бул тууралуу Мариуполь мэри тарабынан маалымат берилип : «Мариуполь драм театрынын орус учагы тарабынан бомбаланышында 300гө жакын кишинин каза болгондугун билдик. Бул үрөй учурган окуяга ишенгибиз келбейт. Имарттарды оңдой алабыз бирок досторубузду, коңшуларыбызды, туугандарыбызды жана жакындарыбызды кайтарып ала албайбыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар