Париждеги орус маданий борборуна жумуртка менен кол салышты

Француз басылмалары, жумуртка менен кол салгандардын арасында "SOS Racisme" уюмунун мүчөлөрү, украиндер жана грузиндер бар экенин жазып чыкты.

1801884
Париждеги орус маданий борборуна жумуртка менен кол салышты

Франциянын борбору Парижде Орусиянын Украинага каршы согушуна нааразылык билдирген активисттер орус маданият борборуна жумуртка менен кол салышты.

Ар кандай топтордун активисттери Сент-Тринит районундагы Орус православдык соборунун жанындагы Маданият борборуна барып терезелерге жазуу жазып, жумуртка ыргытышты.

Француз басылмалары, жумуртка менен кол салгандардын арасында "SOS Racisme" уюмунун мүчөлөрү, украиндер жана грузиндер бар экенин жазып чыкты.

Француз эркин журналист Клемент Ланот өзүнүн Твиттер баракчасында бөлүшкөн фотосүрөттөрдө активист экени айтылган топтун бир адамы борбордун терезелерине "(Орусиянын президенти Владимир Путинди токтоткула" (Stop Putin) деп жазганы, берки демонстранттардын да имаратка жумуртка ыргытышканы байкалды.

Митингчилерге эч кандай кийлигишүү болбогону көңүл бурду.

Орусиянын Украинага чабуулунан кийин орус православдык соборуна буга чейин эки жолу ушундай кол салуу жасалып, дубалдарына кемсинткен сөздөр жазылган. 



Тектеш кабарлар