Орусия түнкү операцияларда украин армиясын чоң зыянга учуратты

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Орусиянын Украинага түн ичинде жасаган чабуулдары тууралуу маалымат берди.

1802025
Орусия түнкү операцияларда украин армиясын чоң зыянга учуратты

Орусия түнкү операцияларда украин армиясына чоң зыян келтирилгенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Орусиянын Украинага түн ичинде жасаган чабуулдары тууралуу маалымат берди.

Конашенков борбор калаа Киевде украин армиясына таандык күйүүчү май куюучу танктын орус армиясы тарабынан жок кылынганын айтып: "24-март күнү кечинде Калибр жогорку тактыктагы деңиз канаттуу ракеталары Киевге жакын Калыновка айылындагы күйүүчү май кампасына сокку урду. Ушул күйүүчү май базасынан Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан украин аскерлерине күйүүчү май жеткирилчү",-деди.

Украинанын түнкү операцияларда чоң зыянга учураганына көңүл бурган Конашенков: «Орус аскерлери түнкү чабуулдарда украин армиясына таандык 24 аскердик техниканы, анын ичинде 7 танк, 5 жөө аскер унаасы, 3 зооттолгон унааны жок кылышты. Авиациялык бөлүм Украинанын 51 аскерий объектисине сокку урду. Алардын арасында Днепр аймагындагы 2 командалык борбор, 2 Бук М-1 зениттик-ракеталык комплекси, 1 С-300 абадан коргонуу системасы, 4 учкучсуз учуучу аппарат, 2 D-30 артиллериялык аткычтар, 2 ракета кампалары, артиллерия жана ок-дарылар менен бирге 26 аскердик техника аянты жок кылынды»,-деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.  



Тектеш кабарлар