Кремль: "Биз Украинада фосфор бомбасын колдонгон жокпуз"

Песков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден жана АКШ бийлигинин Орусияга байланыштуу билдирүүлөрүнө жооп берди.

1802044
Кремль: "Биз Украинада фосфор бомбасын колдонгон жокпуз"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсүнүн фосфор бомбасы жана химиялык курал колдонгондугу тууралуу айыптоолорду четке кагып: «Биз эч качан эл аралык келишимдерди бузган жокпуз»,-деди.

Песков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден жана АКШлык жетекчилердин Орусияга байланыштуу билдирүүлөрүнө жооп берди.

АКШнын бир канча жолу "Орусиянын химиялык курал колдонушу мүмкүн" экени жөнүндөгү эскертүүсүнө токтолгон Кремлдин басма сөз катчысы бул айтымды: «Вашингтондун өзүнүн химиялык жана биологиялык курал программасынан көңүл чордонун башка багытка буруу тактикасы»,- деп сыпаттады.

Орусиян Украинада фосфор бомбасын колдонду деген дооматтарга жооп берген басма сөз катчысы Песков: «Биз эч качан эл аралык келишимдерди бузган жокпуз»,-деди.

АКШнын Москваны изоляциялоо аракетинде жарым-жартылай натыйжалуу болгонун белгилеген Песков, Байдендин Орусияны G20дан чыгаруу талабына байланыштуу: «Дүйнө АКШ менен Европага караганда алда канча ар түрдүү»,- деп жооп берди.

Песков НАТОнун чыгыш канатындагы күчүнө байланыштуу кандай жооп кайтаруу керектиги боюнча Орусиянын президенти Путинге сунуш берилээрин билдирди.



Тектеш кабарлар