Столтенберг: "Путин чоң жаңылыштык кылды"

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТОнун кезексиз лидерлер саммитинин алдында басма сөзгө маалымат берди.

1801171
Столтенберг: "Путин чоң жаңылыштык кылды"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, 24-февралда Украинага каршы согуш баштаган Орусиянын президенти Владимир Путиндин чоң жаңылыштык кылганын айтып: "Ал украин элинин күчүн, украин элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн эрдигин баалабай койду",-деди.

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТОнун кезексиз лидерлер саммитинин алдында басма сөзгө маалымат берди. Столтенберг: «Путин көз карандысыз эгемен мамлекетке каршы согушуу менен чоң жаңылыштык кылды. Ал украин элинин күчүн, украин элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн эрдигин баалабай койду. Алар күткөндөн алда канча көп каршылыкка туш болуп жатышат»,- деп айтты.

Химиялык курал колдонуунун эл аралык мыйзамга каршы экенин, мунун кеңири жана олуттуу кесепеттерге алып келерин баса белгилеген Столтенберг: "Химиялык куралдын ар кандай колдонулушу кагылышуунун мүнөзүн түп-тамырынан бери өзгөртөт жана эл аралык мыйзамдын бузулушуна алып келет. Мунун өтө чоң жана олуттуу кесепеттери болот. НАТО өз союздаштарын ар кандай чабуулдардан коргоого, жактоого жана кандайдыр бир кол салууга жооп кайтарууга даяр",- деди.

Столтенберг Орусия-Украина согушунда НАТОнун Кытайды дүйнөнүн калган бөлүгүнө кошулууга үндөгөнүн айтып: «Биз Кытайды дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө кошулуп Орусиянын Украинага басып киришин ачык айыптоого, Орусияга саясий жана материалдык колдоо көрсөтпөөгө чакырабыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар