Салливан журналисттердин суроолоруна жооп берди

Салливан, Кытайга байланыштуу акыркы абалга сереп салды.

1801116
Салливан журналисттердин суроолоруна жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Кытайдын Украинадагы согушта Орусияга аскердик колдоо көрсөткөнүн көрбөгөндөрүн же мындай далилдин жок экенин айтты.

АКШнын президенти Жо Байден катыша турган коопсуздук саммиттерин коштоо үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барганында басма сөз кызматкерлерине Украина күн тартиби тууралуу маалымат берген Салливан, Кытайга байланыштуу акыркы абалга сереп салды.

Салливан бир суроо боюнча: "Кытайдан Орусияга Украинада колдонуу үчүн аскердик техника жеткирилгенин көргөн жокпуз же мындай далил жок, бирок бул абалга кылдат көз салып жатабыз»,-деди. 

Пекиндин Москвага ыктымалдуу аскердик колдоосунун кесепеттери кандай болору тууралуу Кытай бийлигине ачык билдирүүлөрүн жеткиргендерин кабарлаган Жейк Салливан, бул жагынан европалык өнөктөштөр менен бирдей позицияда экендиктерин баса белгиледи.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар