Орусия Украинага чабуулдары тууралуу маалымат берди

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согуш процесси тууралуу маалымат бөлүштү.

1801023
Орусия Украинага чабуулдары тууралуу маалымат берди

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Харьков облусундагы Изюм шаарынын көзөмөлгө алынганын жарыялады.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө Украинадагы согушка байланыштуу маалымат берди.

Орус армиясынын Украинада алга жылышын улантканын белгилеген Конашенков: «Бүгүн эртең менен орус армиясы Харьков облусундагы Изюм шаарын көзөмөлгө алды»,-деди.

Игорь Конашенков борбор калаа Киевге жакын жердеги буталарга карай алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар колдонулганын белгилеп: «Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик объектилерине абадан жана деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал-жарактар ​​менен түндө сокку урулду. Натыйжада Даниловка менен Киевдин түштүгүндө 13 абадан коргонуу ракеталык системасы, анын ичинде 9 С-300 жана 4 Бук-М1 жок кылынды»,-деп айтты.

Украин армиясына таандык 60 аскердик бута түндө аткыланганын белгилеген Конашенков, алардын арасында 2 башкаруу борбору, 2 көп стволдуу ракета аткычтар, 4 ок-дары, 47 аскердик унаа жана куралдар сакталган аймак болгонун айтты.

Мындан тышкары Конашенков Харьков жана Старая Марковкага жакын жерде 2 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүшкөнүн билдирди.

«Буга чейин украин армиясына таандык 257 учкучсуз учуучу аппарат, 202 абадан коргонуу ракеталык системасы, 1572 танк жана бронетехника, 160 көп стволдуу ракета аткычтар, 633 гаубицалар жана минометтор, 1379 атайын аскердик техника жок кылынды»,делди.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков да Украина тарабынан аймактагы бир айылга ракета атылганын белгилеп, элдин эвакуацияланганын билдирди.

Бир тараптан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Орусиянын кол салуулары уланган Украинада саламаттык сактоо борборлоруна 64 кол салуу болгонун, 15 кишинин каза болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар