ЕП Молдовага каржылык колдоо көрсөтөт

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕП Башкы ассамблеясынын жыйынында макрофинансылык колдоо пакети добушка коюлду.

1801347
ЕП Молдовага каржылык колдоо көрсөтөт

Европарламент (ЕП) жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жана энергетикалык кризистен улам экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан Молдовага 150 миллион евро каржылык колдоо көрсөтүүнү бекитти.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн ЕП Башкы ассамблеясынын жыйынында, Молдованын талабы боюнча Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган макрофинансылык колдоо пакети добушка коюлду.

Европарламенттин депутаттары аталган пакетти 20 "каршы", 10 "калыс" жана 558 "макул" добушу менен кабыл алышты.

Пакетке ылайык, Молдованын тышкы каржылоо муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жалпысынан 150 миллион евро, анын ичинде 120 миллион евролук насыя жана 30 миллион евро гранттык каражат бөлүнөт.

Молдова бул каражатка жетүү үчүн Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) даярдаган экономикалык программаны ишке ашырышы керек.

Евробиримдик (ЕБ) экономикалык кризис мезгилинде жакын жайгашкан өлкөлөргө макрофинансылык колдоо көрсөтөт.



Тектеш кабарлар