Орусиядан өзөктүк курал колдонуу коркутуусу

Дмитрий Песков CNN телеканалында Орусия-Украина согушу тууралуу билдирүү жасады.

1800244
Орусиядан өзөктүк курал колдонуу коркутуусу

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путиндин өлкөсү үчүн “экзистенциалдык коркунучту” көрсө, өзөктүк куралга барышы мүмкүн экенин айтты.

Дмитрий Песков CNN телеканалында Орусия-Украина согушу тууралуу билдирүү жасады.

Владимир Путиндин Орусиянын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кандай шарттарда колдонот деген суроого Песков: «Эгерде биздин өлкөгө экзистенциалдык коркунуч бар болсо, бул болушу мүмкүн» деп жооп берди.

Путиндин Украинада ушул убакка чейин максаттарына жеттиби деген суроого Песков: «Азырынча эмес. Ал максатына жете элек»,-деп сереп салды.

Украина согушун «атайын аскердик операция» деп мүнөздөгөн басма сөз катчысы Песков: «Операциябыз алдын ала белгиленген пландар жана максаттардын алкагында уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар