Орус хакердик топтордун америкалык компанияларга кол салуу коркунучу

Орусиянын Украинага каршы согушунан кийин АКШнын энергетикалык компанияларынын Орусиянын кибер чабуулдарына кабылуу коркунучу өстү.

1800395
Орус хакердик топтордун америкалык компанияларга кол салуу коркунучу

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Орусия-Украина согушунан кийин орусиялык хакерлердин АКШдагы энергетикалык компанияларга кол салуу коркунучу күчөшү мүмкүн экенин эскертти.

ФБРдин маалыматына караганда, орусиялык хакерлер согуш башталгандан бери коопсуздук боюнча чабал жерлерди табуу үчүн өлкөдө иштеп жаткан 20дан ашык компанияны, анын ичинде 5 энергетикалык компанияны сканерлешти.

Орусиянын Украинага каршы согушунан кийин АКШнын энергетикалык компанияларынын Орусиянын кибер чабуулдарына кабылуу коркунучу өстү.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Энн Нойбергер аптанын башында басма сөзгө билдирүү жасап, Орусиянын АКШга кибер чабуул жасай турганы тууралуу чалгындоолордун көбөйгөнүн, бирок кээ бир компаниялардын коопсуздук кемчиликтерин жаба албаганын белгилеген эле.

АКШнын Кибер коопсуздук жана инфраструктуралык коопсуздук агенттиги кечээ 13 миңден ашык компанияны кибер чабуулдарга каршы коопсуздук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө чакырган. 



Тектеш кабарлар