Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 34 киши каза болду.

1800386
Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Нигериянын Кадуна штатындагы куралдуу кол салууда 34 киши каза болду.

Кадуна штатынын ички коопсуздук жана ички иштер комиссары Самуэль Аруван жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 20-мартта провинциянын Каура аймагында куралчан адамдардын кол салгандыгын белгиледи.

Кол салуудан кийин аймактагы коопсуздук күчтөрүнүн издөө иштерин баштаганын белгилеген Аруван : "Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин 34 адамдын сөөгү табылды, анын ичинен 2сү аскер», - деди. 

Аруван кол салууда 200 үй, 32 дүкөн, 3 унаа жана 17 мотоциклдын өрттөлгөнүн айтты. 

Провинцияда күчөгөн зомбулуктан улам Жемаа жана Каура райондорунда коменданттык саат жарыяланды.

Бул аймакта мал чарбачылыгы менен алек болгон фуланилер менен дыйканчылык менен жан баккан кээ бир уруулардын ортосунда катуу кагылышуулар болуп турат.

17 - мартта Кадуна штатында куралчан адамдардын кол салуусунан эки киши каза болуп, 46 киши уурдалган.



Тектеш кабарлар