Буркина Фасодо болгон кол салууда 24 акер каза болду
Буркина Фасодо террористтерге каршы операцияларда армияны бутага алган кол салууларда 24 аскер каза болду.
Буркина Фасодо террористтерге каршы операцияларда армияны бутага алган кол салууларда 24 аскер каза болду.
Армиядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта террор менен күрөшүүнүн алкагында 15-февралдан бери өлкөнүн чыгышында түрдүү операциялардын жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Бул операцияларда 20-мартта Натиабоани жана Нападе райондорунда армияны бутага алган эки башка кол салуу жасалды.
Билдирүүдө биринчи кол салууда 13 аскердин шейит болгону, экинчи кол салууда 11 аскердин шейит болгону, 36 террористтин таасирсиз кылынганы белгиленди.
Коңшу Малидеги "Аль-Каида" жана ДАИШ менен байланышы бар террордук топтор 2015-жылдан бери Буркина-Фасонун түндүгүндө жана чыгышында тез-тез кол салууларды жасап келишет.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.