Азезде кол салуу болду
ЙПГ/ПККнын Азез районуна жасаган абадан кол салуусунда 1 жаран каза болуп, 7 жаран жаракат алды.
1800785
Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районуна жасаган абадан кол салуусунда 1 жаран каза болуп, 7 жаран жаракат алды.
Халептин түндүк - батышында ПКК/ЙПГ террордук уюму басып алган Мераназдан Килистин маңдайындагы Азез районунун борборуна абадан кол салуу болду. Кол салуунун натыйжасында алгачкы белгилөөлөргө караганда 1 жаран каза болуп, 7 жаран жаракат алды.
Райондогу айрым үйлөр зыян тартып, жаралуулар айланадагы ооруканага алып барылды.