Зеленский: «Орусиянын ультиматумун аткарбайбыз»
Владимир Зеленский Орусиянын койгон шарттарына баа берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын ультиматумун аткарбай тургандарын, мунун украин эли толугу менен жок кылынганда гана мүмкүн болорун билдирди.
Владимир Зеленский европалык маалымат каражаттарына берген маегинде, 24-февралдан бери уланып жаткан согушту токтотуу үчүн Орусиянын койгон шарттарына баа берди.
Басылып алынган шаарларда орус аскерлерине каршы элдин олуттуу каршылыгы бар экенине көңүл бурган Украина лидери: "Бизге Харьковду, Мариупольду жана Киевди бергиле деп жатышат. Муну бул шаардын тургундары да, мамлекет башчысы да жасабайт. Биз ультиматумду жок болгонубузда гана колдоно алабыз",-деди.
Владимир Зеленский ошондой эле Орусия менен сүйлөшүүлөрдө макулдашыла турган маселелерди Украинадагы референдумга алып чыгуу керектигин айтты.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.