Согуштун азык-түлүк бааларына таасири

Эл аралык адам укуктарына көз салуу уюму (HRW) "Орусиянын Украинага басып кириши Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада ачарчылыкты күчөттү" деген баяндамасын жарыялады.

1799536
Согуштун азык-түлүк бааларына таасири

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада "азык-түлүк баасынын жогорулашына жана жакырчылыктын тереңдешине" алып келгени кабарланды.

Эл аралык адам укуктарына көз салуу уюму (HRW) "Орусиянын Украинага басып кириши Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада ачарчылыкты күчөттү" деген баяндамасын жарыялады.

Уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча атайын директору Лама Факих отчетто: "Биз азык-түлүк менен камсыздоо жана сатып алуу маселесине көңүл бурбасак, Украинадагы жаңжал дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада азык-түлүк кризисин курчутуу коркунучу бар",-деди.

Отчетто Украина менен Орусиядан буудай же айыл чарба азыктарын импорттогон Египет, Ливан жана Ливия боюнча маалыматтар бөлүшүлдү.

Ливандын 2020-жылы буудайдын 80 пайызын жана Египеттин күн карама майынын жарымын Украинадан импорттогону белгиленди.

Отчетто Ливиянын буудай импортунун 40 пайызынын Украинадан ишке ашканы, Орусия баштаган согуштун биринчи жумасында Ливияда буудай жана ун баасында 30 пайыздык өсүш болгону кабарланды.

HRW докладында ошондой эле Сирия жана Йемен элдеринин учурда оор абалда экени баса белгиленип, Орусия-Украина согушунун себебинен азык-түлүк менен камсыздоонун дагы да начарлай турганы эскертилди.



Тектеш кабарлар