Кенияда кургакчылык

Өлкөдө азык-түлүк кризисинин күчөп баратканы билдирилди.

1799403
Кенияда кургакчылык

Чыгыш Африка өлкөсү Кенияда кургакчылыктан улам 3,1 миллион киши чукул азык-түлүк жардамына муктаж.

Кениянын ички иштер министри Фред Матианг басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, өлкөдө азык-түлүк кризисинин күчөп баратканын айтты.

Матианг кургакчылыктан улам 3,1 миллион кишинин азык-түлүк жардамына муктаж экенин, чара көрүлбөсө бул сандын 3,5 миллионго жетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Акыркы жылдарда тарыхынын эң чоң чегиртке каптоосу менен күрөшүп жаткан Кенияда жамгыр мезгилиндеги жаан-чачындын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси күч алууда.



Тектеш кабарлар