Италия Түркиянын ортомчулук аракеттерин толук колдойт

Луижи Ди Майо билдирүү жасады.

1799513
Италия Түркиянын ортомчулук аракеттерин толук колдойт

Италиянын тышкы иштер министри Ди Майо,  Орусия-Украина согушунда Түркиянын жүргүзгөн ортомчулук аракеттерин толук колдогондорун айтты.

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Луижи Ди Майо итальян басма сөзүнө, Украинадагы кырдаал жана актуалдуу маселелер тууралуу билдирүү жасады. 

Ди Майо Украинадагы көрүнүштөрдүн аларды тынчтык үчүн иштөөгө түрткөнүн белгилеп: "Мен түрк кесиптешим Мевлүт Чавушоглу менен бир саат мурун жолуктум. Сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын талкууладык. Биз Италия катары Түркиянын алдыга карай сүйлөшүүлөрүн толук колдойбуз. Түркия НАТОнун өнөктөшү гана эмес, азыркы этапта тараптарды тынчтык келишимине алып келүүгө багытталган диалог үчүн маанилүү өлкө. Биз учурда барыбыз алардын аракеттерин колдоого аракет кылып жатабыз",-деп айтты.



Тектеш кабарлар