Болгарияда Путинге берилген "ардактуу доктор" наамы кайра алынды
Бонджолов университеттин чечиминин саясий негизге таянбагандыгын айтты.
Болгарияда 2009 - жылы Владимир Путинге берилген «ардактуу доктор» наамы кайра алынды.
Болгарияда Велико Тырноводогу Свети Кирил и Методийи университетинин окумуштуулар кеңеши 2009 - жылы 26 - январда Россия Федерациясынын премьер - министри Путинге «заманбап дүйнөнүн тынчтыгына кошкон салымынан» улам берген ардактуу доктор наамын кайра алды.
Университеттин ректору, профессор Кирил Бонджолов Болгария улуттук радиосуна берген маалыматында : «Курулган атайын териштирүү комиссиясы 13 жыл мурун кабыл алынган чечимдин себептерин иликтеп, наамдын мыйзамсыз берилгендиги аныкталды»,- деди.
Бонджолов университеттин чечиминин саясий негизге таянбагандыгын айтты.
«Жашыл кыймыл» атуу жарандык коом уюму Путинге берилген бул наамды кайра алуу үчүн бир ай мурда аракетке өткөн.
Премьер - министрлигинин башында 2003 – жылы биринчи өлкө тышы сапарын Болгарияга жасаган Путин андан кийин 2008 - 2010 – жылы да бул өлкөгө барган.
2010 - жылдагы сапарында мезгилдин Болгария премьер - министри Бойко Борисов Путинге бир күчүк белек кылган.