Орусиянын Украинага кол салуулары

Игорь Конашенков маалымат берди.

1798960
Орусиянын Украинага кол салуулары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, орус аба күчтөрүнүн бир күндө Украина армиясына таандык 89 аскердик объекти жок кылганын билдирди.

Игорь Конашенков, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн "Донбасс" батальонунун орус аскерлерине жеңилгенин кабарлады.

Орус армиясынын кечээ 12 километрдик алдыга жылышын улантканын белгилеген Конашенков, орус аба күчтөрүнүн Украина армиясына таандык 89 аскердик объекти жок кылганын белгиледи.

Конашенков: «65 жер, анын ичинде 4 командалык борбор, 2 даана ракета аткыч, 9 пушка, 5 ракета жана артиллериялык арсенал, ошондой эле аскердик-техникалык унаалар жок кылынды»,-деди.

Катчы Конашенков, орус абадан коргонуу системаларынын 9 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн айтып: "Украина армиясына таандык 214 учкучсуз учуучу аппарат, 1483 танк жана бронетехника, 150 даана ракета аткычтар, 584 пушка жана минометтор, 1279 атайын аскердик техника жок кылынды" деп кабарлады.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар