Лавров Байрамов жана Мирзоян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.

1799220
Лавров Байрамов жана Мирзоян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов жана Арарат Мирзоян менен телефон аркылуу өз-өзүнчө сүйлөштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Лавровдун Байрамов жана Мирзоян менен өткөргөн телефондогу сүйлөшүүлөрүндө Орусия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда 2020-жылдын 9-ноябрында, 2021-жылдын 11-январында жана 2021-жылдын 26-ноябрында кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды. 

Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюу маселеси да каралган сүйлөшүүдө, Орусиянын бул темада колдоо көрсөтүүгө даяр экени баса белгиленди.

Ошондой эле 3+3 (Азербайжан, Армения, Грузия жана Россия, Түркия, Иран) аймактык кызматташтык платформасынын мындан аркы иштери боюнча пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар