БУУнун Украинадагы качкындар боюнча маалыматы

Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу ар түрдүү булактардан алынган маалыматтар жарыяланды.

1799346
БУУнун Украинадагы качкындар боюнча маалыматы

Орусия-Украина согушунда Украинада кеминде 925 жаран каза болуп, 1 миң 496 жаран жаракат алды, 3 миллион 489 миң 644 качкын болсо коңшу өлкөлөргө өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө, Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу ар түрдүү булактардан алынган маалыматтар бөлүшүлдү.  

Билдирүүдө 24-февралдан 20-мартка чейин Украинадан 3 миллион 489 миң 644 баш калкалоочунун коңшу өлкөлөргө, алардын жарымынан көбүнүн Польшага өткөнү белгиленди.

Украиндердин коңшу өлкөлөрдөн көбүнчө Польшага (2 миллион 83 миң 854), Румынияга (535 миң 461) жана Молдовага (365 миң 197) барганы кабарланган билдирүүдө, 21-23-февраль күндөрү Донецк жана Луганск облустарынан 113 миң адамдын Орусияга өткөнү айтылды. 



Тектеш кабарлар